Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:27
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кара-Сууда кесиптик лицейдин имараты ооруканага айландырылып жатат

06.08.2020 10:04
1081
Кара-Сууда кесиптик лицейдин имараты ооруканага айландырылып жатат


Ош облусунда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик лицейдин имаратын 200 орундуу ооруканага айландыруу боюнча демонтаждоо иштери 80%га аткарылды.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, имараттын чатыры жана отканасынын чатыры 80%, терезесин орнотуу 50% аткарылып, отканасынын чатыры аяктоо алдында турат.

Имараттын 1-2-3-кабатында шыбак жумуштары, электр монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Сырткы жылытуу системасы толугу менен бүтүп, ички жылытуу системасынын түтүктөрүн орнотуу 70% түзөт.

Учурда объектте 53 жумушчу иштеп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн