Бугу 25, 2025
Убакыт: 21:45:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.090
1.125

Кара-Суу районунда 8 гектар жер логистикалык борбор куруу үчүн трансформацияланды

12.08.2022 20:23
654
Кара-Суу районунда 8 гектар жер логистикалык борбор куруу үчүн трансформацияланды

Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8 га жер трансформацияланды.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы №232 контурда жайгашкан 8 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн которулган (трансформацияланган).


Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.


Белгилей кетсек, индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт.


Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында өнөр жайлык-өндүрүштүк компонент катары кургатылган жемиштерди вакуумдук муздатуу жана өзүнчө кургатуу жолу менен өндүрүү ишке киргизилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн