Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кара-Балтанын мэри кызматтык унаасын медиктерге берди

09.07.2020 09:36
1626
Кара-Балтанын мэри кызматтык унаасын медиктерге берди


Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев өздөрүнүн кызматтык унааларын медициналык кызматкерлерге колдонууга берди.

Мэриянын маалыматына караганда, унаа аймактык бириктирилген ооруканасына жана Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна пандемия учурунда колдонууга берилди. Мындан тышкары, жасалма дем алдыруучу аппарат жана кычкылтек концентраторлорун, тез жардам кызматынын унаасына күйүүчү май куюууга шаардык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн. 

"Жуманын башында мэрияга оорукананын директору кайрылып, медициналык аппаратарды алууга жардам берүүнү суранган. Мэр Данияр Шабданов  шаардык кеңешке кайрылган. Кара-Балта шаардык кенештин төрагасы Алмаз Аалыев кезексиз жыйын өткөрүп, анда депутаттар маселени колдоого алышты. Эки жуманын ичинде керектүү жабдыктар алынат", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн