Кулжа 12, 2025
Убакыт: 17:46
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Кара-Балтада мончо жана анын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

24.02.2025 17:07
225
Кара-Балтада мончо жана анын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген


Кара-Балта шаарында коомдук мончо жана анын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Балта шаарынын Мира көчөсүндө жайгашкан коомдук мончонун имараты менен аянты 0,21 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып кеткендиги аныкталган.


Прокуратура тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жалпы 69 млн 31 миң 200 сомго бааланган мончонун имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн