Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

22.05.2024 16:04
331
ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 24-майда күндүз жана 25-26-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

"26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу экенин эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн