Теке 14, 2025
Убакыт: 15:09
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.100
1.130

ӨКМ: Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жок

14.07.2025 11:06
15
ӨКМ: Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жок


Чүй облусунун Кегети жайлоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, марена дамбасынын туруктуулугу изилденип, андан агып чыккан суунун ченемин тактоо иштери жүрүгүлдү.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, изилдөө иштери министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жүргүзүлдү.


Ага Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары тартылган.


Изилдөөнүн жыйынтыгында көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган.


Ага карабай тоо көлүнүн жырылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен көлдүн суусу азайтылды.


Адистер Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугун билдирди.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүздөгөн тоо көлдөрү бар. Учурда алар климаттык өзгөрүүлөргө жараша мөңгүлөрдүн ээрүү, суу толуу процессинде.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн