Кулжа 14, 2025
Убакыт: 17:09
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Ысык-Көлгө “Ак-Кеме” посту аркылуу гана паспорт менен өтүү талап кылынат

18.05.2020 17:09
1728
Ысык-Көлгө “Ак-Кеме” посту аркылуу гана паспорт менен өтүү талап кылынат


Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы "Ак-Кеме" санитардык-карантиндик посту аркылуу гана кирүүгө болот. Кирүү учурунда паспортту көрсөтүү талап кылынат, деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.


Анын айтымында, Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан симптомдор табылган учурда экспресс-анализдер алынат. Текшерүүнүн алгоритмине ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык сунуштамалары сакталат.


Ал эми облустан райондук администрациялардан жана шаарлардын мэрияларынан алынган өткөрмө кагаздарын көрсөтүп, “Кызыл Омпол” посту аркылуу чыгышат. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган, ошондуктан зарылчылык болбосо, үйдө болууңуздарды суранам”, - деп билдирди Акылбек Осмоналиев.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн