Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 09:00
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ысык-Көлдө эки күндө 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды

21.08.2024 09:24
1209
Ысык-Көлдө эки күндө 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды


Ысык-Көлдө эки күндө 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл районунда селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 1058 адам, 85 атайын техника тартылган.

2 күндүн ичинде 159 үй сел калдыктарынан толук тазаланды. Бүгүн да тазалоо иштери улантылат.

Белгилей кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн