Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 22:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ысык-Атада муктаж 230 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

09.04.2020 09:59
1056
Ысык-Атада муктаж 230 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү


Чүй облусунун Ысык-Ата районунда муктаж 230 үй-бүлөгө 250 миң сомдук жардам берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр Кең-Булуң, Чолпон, Гидростроитель жана Дружба айылдарындагы колунда жок үй-бүлөлөргө таратылып берилген.


Ал эми, кайрымдуулук иш-чарасын Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагындагы “Абу Ханифа”, “Нуруль-Ислам”, “Эки жылдыз” жана “Нур Исламия” мечиттеринин жамааттары каржылаганы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн