Өзбекстандын Фергана облусунда 28-29-май күндөрү кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү кабарлады.
Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарынан 30дан ашык ишкерлер жана Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты. Делегацияны президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев жетектеп барды.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери кеңири талкууланды. Айрыкча, чек арага жакын аймактар – Ош жана Фергана облустарынын өз ара карым-катнашын чыңдоо, эки тараптуу сооданы активдештирүү жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоо маселелери негизги талкуу темалары болду.
Тараптар аймактык кызматташтыкты тереңдетүү, бизнес байланыштарды жолго коюу жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар макулдашууларга жетишти.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстан менен Фергана облусунун өз ара соода жүгүртүүсү 111,8 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 104,2 пайызга өскөн. Анын ичинен импорт көлөмү 53,5 миллион долларды, ал эми экспорт 58,3 миллион долларды түзгөн.
Быйыл, 2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстан менен Фергана облусунун ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 20,6 млн доллардан ашып кетти.
Эскерте кетсек, мындай иш-чара буга чейин Наманган жана Анжиян шаарларында да өткөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн