Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 04:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо протоколу ратификацияланды

07.07.2020 08:34
1314
Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо протоколу ратификацияланды


Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директоруна жогоруда айтылган протоколдун ратификациялангандыгы тууралуу грамотаны депонирлѳѳгѳ тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ок күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн