Бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык капиталдык оңдоодон өткөн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имараты кайра ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Борборго барып, жамаат менен жолугуп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын көрүп келдик. Ар бир палата, коридор, инженердик система, имараттын кире бериши — бардыгы заманбап стандарттарга ылайык жаңыланып, азыр бул жайда бейтаптар үчүн да, медицина кызматкерлери үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлдү", - деди ал.
Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн бардык аймактарында оорукана, төрөт үйлөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору курулуп, эски имараттар жаңыланып жатат. Мунун баары — ар бир жарандын ден соолугу мамлекет үчүн башкы артыкчылык экенин көрсөтөт.
"Эне менен баланын саламаттыгы — коомдун келечеги. Бул борбордо миңдеген энелердин, ымыркайлардын өмүрү сакталат. Ошондуктан президенттин тапшырмасы менен бул мекемеге өзгөчө көңүл бурулуп, бүгүн жаңы көрүнүштө кайра иштей баштаганы — мамлекеттин элге жасаган чыныгы камкордугу.
Ошондой эле белгилеп кетүү керек: Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен дагы бир чоң салым кошулганы турат. Алгач бул долбоор Ысык-Көлдө курулат деп пландалган, бирок Кыргызстандын Президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий визитинен кийин, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкек шаарында курулмай болду. Азыркы тапта даярдыктар жүрүп жатат, толук жабдылган, заманбап оорукана болуп калары күтүлүүдө.
Мындай иш-аракеттер мындан ары да уланат. Элдин ден соолугун коргоо президенттик саясаттын өзөгүн түзөт", - деп жазды Туманбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн