Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 04:02
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Электр энергиясынан карызы бар абоненттерге жарык берүү токтотулат

29.01.2024 15:23
333
Электр энергиясынан карызы бар абоненттерге жарык берүү токтотулат


Эртең борбор калаада 3 800 абонент жарыксыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы кабарлады.


Компания жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн абоненттерди карыздан кутулуп, эсептерди төлөөгө чакырды.


Жарандар электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек. Мындан сырткары, абоненттер "Мой свет" тиркемесин көчүрүп алып, карызын ал жактан карап төлөй алат. Ошондой эле Сall-борборго 1209 номери аркылуу чалып же (0551) 001-209 WhatsApp номерине жаза алышат.


Каражатты терминал, электрондук капчыктар, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн