Кулжа 22, 2025
Убакыт: 03:08:38
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Эгерде тартипти сактабасаңар, кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз, - Үсөнбаев

15.06.2020 10:51
1114
Эгерде тартипти сактабасаңар, кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз, - Үсөнбаев


Эгерде жарандар тартиптерди сактабаса, анда биз кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, кээ бир жарандар санитардык-эпидемиологиялык тартиптерди сактоодон баш тартышууда. 


"Жарандар беткап кийбей, аралыкты сактабай, коомдук жайларга байма-бай барышууда. Эгерде силер тартипти сактабасаңар, анда биз эртең кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Беткап жана кол кап кийип жүрүү оор деле эмес", - деди Үсөнбаев. 


15-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 87 учуру аныкталды.  Муну менен республика боюнча жалпы 2372 учур катталды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн