Бугу 29, 2025
Убакыт: 22:41
USD
87.30
87.80
EUR
98.30
99.30
RUB
1.103
1.130

Душанбеде кыргыз-тажик эки тараптуу консулдук консультациялары өттү

28.05.2025 16:43
59
Душанбеде кыргыз-тажик эки тараптуу консулдук консультациялары өттү


Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча эки тараптуу консультациялар болуп өттү.


КР ТИМнен билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми тажик делегациясын ТИМдин Башкы консулдук башкармалыгынын жетекчиси Баходур Сафарзода жетектешти.


Тараптар бекитилген күн тартибине ылайык, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашып, консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.


Өзгөчө көңүл жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, тараптардын аймактарында алардын жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, кармалгандар тууралуу өз убагында маалымдоо, консулдук жеткиликтүүлүктү камсыздоо, маалымат алмашуу жана соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча көмөк көрсөтүү сыяктуу маселелерге бурулду.


Консультациялардын жыйынтыгында тараптар актуалдуу маселелерди ыкчам чечүү жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоо максатында мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча макулдашышты.


Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог духунда өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн