Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Дордой базарынын түндүк тарабындагы объектилер демонтаждалууда

27.02.2024 12:01
283
Дордой базарынын түндүк тарабындагы объектилер демонтаждалууда


Бишкектеги Дордой базарынын түндүк тарабындагы жол жээгиндеги объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Иштин жүрүшүндө 5 объект жарактан чыгарылып, 218 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Мындан тышкары, 5 объект менчик ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө демонтаждалган.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барды.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти демонтаждалган объектилердин ээлери менен ижара келишимин бузган.

Буга байланыштуу башкармалык тарабынан муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча билдирме жиберилип, мүлк ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн