Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 14:39
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Дохада кыргыз-катар парламенттер аралык кызматташтыгынын абалы талкууланды

30.04.2025 11:03
20
Дохада кыргыз-катар парламенттер аралык кызматташтыгынын абалы талкууланды


Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту.


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты.


Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин жана достук топторунун ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларын уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашышты.


Ошондой эле аталган жолугушууга Катар Мажлис Аш-Шурасынын мүчөсү, Азия өлкөлөрү боюнча Парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Ахмад бин Хатми Аль-Хатмий катышты.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелерди ишке ашыруу максатында тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн