Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Данияр Жаныкулов Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

10.08.2022 15:09
1142
Данияр Жаныкулов Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды


Жаныкулов Данияр Төрөгазивич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары мурда ээлген кызматынан бошотулуп, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.


Бул кызматта буга чейин иштеген Алайчиев Бактыбек Болбурович өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн