Кулжа 23, 2025
Убакыт: 03:49:35
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Чүйдө жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы келин кармалды

16.01.2025 11:30
1659
Чүйдө жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы келин кармалды


Чүй облусунда жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.


Маалыматка ылайык, түндө саат 01:15те Москва РИИБине Беловодское айылында үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.


"Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлүп, жарандык никедеги 29 жаштагы К.Б. менен 20 жаштагы Э.А. 15-январь саат 19дарда үйүндө арак ичип отуруп, уруша кеткен. Чырдын жүрүшүндө аялы күйөөсүн бычак менен жүрөк тушка сайып, ал каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн