Бишкекте Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү 2-июнда оңдоо иштеринин мөөнөтүнөн үч жума мурда аяктаганына байланыштуу жолдун түндүк тарабына унаа кыймылы үчүн ачылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгынын азайтуу үчүн шаар тургундарына жол жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонуу сунушталат.
Белгилей кетсек, жол оңдоо жана бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен мурда аткарылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн