Кулжа 27, 2025
Убакыт: 13:13
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси өз ишин баштады

27.06.2025 09:06
18
Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси өз ишин баштады


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Дордой - офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдыгын утурлай эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси башталды.


Иш-чарага "Дордой - офтальмик сервис" көздүн микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов, өлкөнүн алдыңкы көз дарыгелери, ошондой эле Түркия, Россия, Казакстан, Кореядан келген көз дарыгерлери катышууда.


Конгресстин негизги максаты – офтальмология тармагындагы акыркы жетишкендиктерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу.


Иш-чара офтальмологиядагы илимий-изилдөө иштерин, заманбап диагностика жана дарылоо ыкмаларын камтып, көз ооруларынын алдын алуу, хирургиялык ыкмаларды өркүндөтүү маселелерине арналган.


Конгресстин алкагында эл аралык жана жергиликтүү адистер тарабынан баяндамалар окулуп, катышуучулар заманбап офтальмологиялык жабдуулар менен таанышышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн