Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 23:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Чек ара: Ок атышуу токтоп, тараптар сүйлөшүү жүргүзүүдө

03.06.2022 15:14
518
Чек ара: Ок атышуу токтоп,  тараптар сүйлөшүү жүргүзүүдө


       Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 3-июну саат 14.15ге карата Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогондугун маалымдайт.  Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.


   Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты.

       Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 

     Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.

       Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүшүүдө.       

       

                                        

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн