Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 15:12
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Чатак эч кимге пайда алып келбейт! Эрдоган Стамбулда орус-украин делегациясына кайрылуу жасады

29.03.2022 13:05
1015
Чатак эч кимге пайда алып келбейт! Эрдоган Стамбулда орус-украин делегациясына кайрылуу жасады

Бүгүн, 29-мартта Стамбул шаарында Түркия президентинин Стамбул шаарындагы "Долмабахче" кеңсесинде орус-украин делегациясынын сүйлөшүүсү өтүүдө.


Сүйлөшүү алдында президент Режеп Тайип Эрдоган эки тарапка тең кайрылуу жасады.


"Бүгүнкү сүйлөшүү жемиштүү болот деп ишенем. Сүйлөшүүлөр өзүнүн жыйынтыгын берүүчү мезгил келди.

Түркия эл аралык кырдаалды эске алып, аны турукташтырууга жоопкерчилик алууга даяр.

Биз эки боордош өлкөнүн ортосундагы чатак эч кимге пайда алып келбей тургандыгын белгилеп, аны чечүү жолун гана издейбиз",- деди Эрдоган.


Андан кийин ал эки тараптын делегациясынын сүйлөшүүлөрүнө ийгилик каалап, жемиштүү жыйынтык болорун кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн