Бүгүн, 14-июлдан тарта жогорку окуу жайлары абитериенттерди кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кабыл алуу толугу менен электрондук форматта, www.2020.edu.gov.kg сайтындагы «Абитуриент Online» (АИС) маалыматтык системасы аркылуу, жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизинде жүргүзүлөт.
ЖРТ талап кылынбаган, кирүү сынактарын өздөрү өткөргөн ЖОЖдор:
- Кыргыз улуттук консерваториясы;
- Улуттук сүрөтчүлөр акадмиясы;
- Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы.
Төмөндөгү окуу жайларга (айрым адистиктерине) ЖРТ дагы, кошумча сынактар дагы талап кылынат:
- ИИМ Академиясы;
- Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институту;
- Борбор Азиядагы Америка университети;
- Борбор Азия университети;
- ЕККУ (ОБСЕ) Академиясы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн