Теке 23, 2025
Убакыт: 17:11
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.105
1.135

Бүгүн-эртең Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет

23.07.2025 10:27
18
Бүгүн-эртең Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет


23-24-июль күндөрү Кыргызстанга Бүткүл Кытай Эл ѳкүлдѳр жыйынынын төрагасы расмий иш сапары менен келерине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Чектөө киргизиле турган көчөлөр:


- "Манас" эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;


- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;


- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;


- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;


- "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.


Буга байланыштуу ЖКККББ бул көчөлөрдүн жээгине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо, жолго чыкпай турууну суранат. Ошондой эле жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.


Эскерте кетсек, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн