Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу өчүрүлөт

15.10.2024 09:37
392
Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу өчүрүлөт


“Бишкексууканал” башкармалыгы билдиргендей, бүгүн, 15-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, «Западный» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрдө оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо суу болбойт.

Алыкулов көчөсү — Кустанай — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча суусу Рыскулов (Дэн Сяопин көчөсү) — Интергельпо — Темир жол линиясы;

(Пригородное айылы) Юбилейная көчөсү — Горький — Садовая көчөсү (Пригородное айылы) — Чоң Чүй каналы;

Аскерлер шаарчасы, Кызыл Аскер, 110-квартал, Достук кичи району.

«Бишкексууканал» башкармалыгы мындай ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калк, мекеме, уюмдардан иче турган сууну көбүрөөк камдап алууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн