Бугу 29, 2025
Убакыт: 17:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.30
99.30
RUB
1.103
1.130

Бөкөнтаев Армения ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

28.05.2025 11:12
60
Бөкөнтаев Армения ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды


Күн мурун Кыргызстандын Россиядагы жана ошол эле учурда Армениядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Мнацакан Сафарянга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогдун активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, келечектеги биргелешкен пландарды аныкташты.


Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-армян кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.


Өз кезегинде министрдин орун басары Мнацакан Сафарян элчи К.Бөкөнтаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн