Бугу 20, 2025
Убакыт: 20:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

Быйыл негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62%га өскөн

Быйыл негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62%га өскөн


2025-жылдын 4 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62%га өсүп, 70,1 млрд сомду түздү, бул акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч. Бул сумманын 35,5 %ы республикалык бюджеттен каржыланган. Мындай маалыматтарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешменин алкагында билдирди.


Минкаб төрагасынын айтымында, азыркы учурда 519 социалдык объект боюнча долбоорлоо, ремонт жана курулуш иштери жүрүүдө.


Адылбек Касымалиев Курулуш министрлигине быйылкы жылы 200дөн кем эмес социалдык объектилерди бүткөрүү жана ишке берүү зарылдыгын белгилеп, курулуш басаңдабашы керектигин тапшырды. Финансы министрлигине тийиштүү каражатты өз учурунда бөлүп туруу тапшырылды.


Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга өрттөн жабыркаган Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратын тез арада калыбына келтирүү иштерин баштоону тапшырды.


Кеңейтилген кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында ушул жылга карата 5 615 батирдин курулушунун аякташы күтүлүп жатканы белгиленди. Азыркы тапта өлкө боюнча жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрди түзгөн 61 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн