Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:55
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

21.11.2024 13:45
278
Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды


Бишкектин Жумушчулар шаарчасындагы 366 млн сомго бааланган, 0,29 га аянтты ээлеген бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, бала бакча мурда "Кыргыз Темир" АКтын балансында болуп, 1990-жылы менчиктештирилгенден кийин, мамлекеттик ишкананын балансынан башка объектилер менен бирге Б.Г.Ш. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бала бакчанын имаратынын ээси бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, болжолдуу наркы 366 млн 185 миң сом болгон жанаша аймагы бар жогоруда белгиленген имаратты өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.

КР УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн