Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бишкекте маршруттук каттамдардын схемасы өзгөрдүбү? Мэриянын жообу

13.10.2021 12:21
958
Бишкекте маршруттук каттамдардын схемасы өзгөрдүбү? Мэриянын жообу


Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалыматты четке какты.


Бүгүнкү күндө муниципалитет Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте автобустук каттамдарга сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү маселесин карап жатат.


Ошол эле учурда шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен оптималдуу маршрут тармагын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.


“Маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган”, - деп айтылат маалыматта.


Бишкек мэриясы жарандардан жалган маалымат таратпоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн