Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте карантиндик режимди көзөмөлдөө күчөтүлөт

05.05.2020 16:12
1426
Бишкекте карантиндик режимди көзөмөлдөө күчөтүлөт


Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоону көзөмөлдөө күчөтүлөт. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, айрым соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жатат.
 

Ошондой эле анын айтымында, такси кызматынын айдоочуларынын бет кап кийбеген жана тиешелүү сунуштарды сактабаган учурлары катталууда. Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн