Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:17
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бишкекте арзан ун сатып ала турган жарманкелер ачылды

21.09.2023 09:53
542
Бишкекте арзан ун сатып ала турган жарманкелер ачылды


Айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте унду өндүрүлгөн баада сатуу боюнча жарманке уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.


Бишкектеги ун жарманкелеринин даректери:


- Ош базары;

- Аламүдүн базары (Табылга соода борборунун жанындагы аялдама);

- Орто-Сай базары (Оберон базарынын кире бериши);

- Дордой тамак-аш базары.


Жарманкеде ата мекендик ундун баасы:


- премиум класс - 1 миң 860 сом;

- биринчи сорт - 1,5 миң сом;

- экинчи класска - 1 миң 125 сом.


«Буга чейин казак унунун кымбатташына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун түрлөрүн көбүрөөк сатып ала башташкан. Ички рыноктун жарымын казак уну түзгөн. Ата мекендик ун өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча олуттуу аракеттер көрүлүүдө», - деп баса белгиледи Айыл чарба министрлиги.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн