Бишкекте 31-майдан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук электр борбору" ишканасынын башкы инженеринин орун басары Тилек Солпуев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда баш калаадагы жылуулук түтүктөрү басым менен сыналууда.
"31-майда ысык сууну берүүгө даярданып жатабыз. Күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери кадимки тартипте жүрүүдө. Жабдуулар жана тетиктер боюнча эч кандай кечигүү жок. Беш от казанды оңдоо пландалган", — деди ал "Биринчи радионун" түз эфиринде сүйлөп жатып.
Эске салсак, быйыл Бишкекте жыл сайын жүргүзүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу 21-апрелден 31-майга чейин 40 күнгө ысык суу өчүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн