Бишкек шаарында 11-апрелден тарта жаңы №61, №45 жана №35 автобус каттамдары жүрө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.
Алсак, №61 автобус каттамы «Киркомстром – Көк-Жар» багыты боюнча жүрөт. Бул каттам шаардагы негизги райондорду аралап өтүп, билим берүү жайларына ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылат.
Ал эми №45 автобус каттамы айланма схема боюнча уюштурулган: «10-кичирайон – Алыкулов көчөсү – 7-Апрель көчөсү». Бул каттам №35 автобус каттамына карама-каршы багытта жүрөт.
Аталган каттамдарды 12 метрлик заманбап ISUZU үлгүсүндөгү, газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн