Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекке эки электробус алып келинди

02.04.2025 09:26
310
Бишкекке эки электробус алып келинди


Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкекке эки электробус алынып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, бул электробустар айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган.


Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорго ылайык, борбор калаадагы эки троллейбус автобазасында 2025-жылдын июнь айында келе турган электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.


Реконструкцияга заманбап электр заряддоочу каражаттарды орнотуу жана автобазаны электробустардын эффективдүү иштөөсүнө ылайыкташтыруу камтылган.


Электробустарды киргизүү долбоору Бишкек шаарынын экологиялык жактан таза коомдук транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жогорулатууга багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн