Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Бекжан Үсөналиев шайланды

02.12.2024 19:07
185
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Бекжан Үсөналиев шайланды


Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Бекжан Үсөналиев ("Адилет" партиясы) шайланды.


Бүгүн шаардык кеңештин 29-чакырылышындагы курамдын алгачкы отуруму болду. Анда депутаттарга төш белги тапшырылып, ант беришти.


Мындан тышкары, шаардык кеңештин төрагасы шайланды. 36 жаштагы ишкер Бекжан Үсөналиев төрагалыкка жалгыз талапкер болду. Атаандаш катары чыккан Жылдызбек Абдраимов ("Жаңы күч — Новая сила") добуш берүүгө чейин ат салышуудан баш тартты. Натыйжада Үсөналиевдин талапкерлигине 43 депутат макул, төртөө каршы добуш берди, калгандары добуш берген эмес.


Эске салсак, 17-ноябрда өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине беш партиядан 51 депутат шайланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн