Теке 30, 2025
Убакыт: 21:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.055
1.090

Бир айда өлкөгө дээрлик 312 млн доллар акча которулган

10.06.2025 11:15
456
Бир айда өлкөгө дээрлик 312 млн доллар акча которулган


Апрель айында Кыргызстанга которулган акча каражатынын жалпы көлөмү 311,7 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.


Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн - 296,7 млн доллар келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 15 млн доллар которулган.


2025-жылдын апрель айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 33,7 млн долларды түздү.


Анын 30 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3,7 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн