Баткенде мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактарды иретке келтирүү иштеринин алкагында Шаар куруу жана архитектура департаментинин Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун Интернационал аймагындагы кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды буздуруу иши уланууда.
Мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иш-чарасынын алкагында, өз билемдик менен кызыл сызыктан чыгып кеткен 24 объект аныкталып, буздурулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн