Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Баткенде аткезчилик менен ташылып келген кеңсе товарлары кармалды

21.07.2022 17:14
803
Баткенде аткезчилик менен ташылып келген кеңсе товарлары кармалды


Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 1 млн сомдук кеңсе товарлары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Төрт-Гүл» мобилдик постунда Н.Б.Н аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда Беларуста өндүрүлгөн жазуусу менен 150 миң даана дептер табылган. Товардын жалпы салмагы 4100 кг, ал эми орточо базар баасы 1 млн 50 миң сомду түзгөн.

Жүк КР аймагында андан ары сатуу үчүн бажыга байланыштуу ташуу документтери жок болгон.

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн