Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:29
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Батирден чыккан өрттөн улам 5 жашка чыга элек 5 наристе каза тапты

Батирден чыккан өрттөн улам  5 жашка чыга элек 5 наристе каза тапты

Казакстандын Жамбыл облусундагы беш кабаттуу үйдүн батириндеги өрттүн кесепетинен бир үй-бүлөдөн беш бала каза болду.


Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя Сарысу районунун Жанатас айылында болгон.


Маалыматка ылайык, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында үчүнчү кабатта жайгашкан 16 чарчы метр аянттагы батирде болгон.


Бөлмөдө 2015, 2016, 2017, 2019, 2020-жылдары төрөлгөн балдар болгон.


Балдар ооруканага жеткирилген, бирок алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.


Өрттүн себеби азырынча белгисиз.


Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн