Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 12:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Азербайжан президенти жана Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземине катышты

12.10.2022 13:59
364
Азербайжан президенти жана Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 12-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.


Ачылыш аземдин жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.


Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн