“Каганат” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү, “Аврора Групп” ЖЧКсынын ээси Азрет Боотаев камактан бошотулду.
Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, анын баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү көрсөтмөгө өзгөртүлдү.
Боотаев Көлбаев өлтүрүлгөн күнү, 4-октябрда камакка алынган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо») боюнча шектелип, тергөөнүн версиясы боюнча Көлбаевдин бизнес өнөктөшү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн