Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Аткезчилик үчүн колдонулган унаа мамлекеттин балансына өттү

28.03.2023 11:14
341
Аткезчилик үчүн колдонулган унаа мамлекеттин балансына өттү

Аткезчилик жүк ташуу үчүн колдонулган унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Баткен облусунда И.М.А. аттуу кыргыз жарынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.


Текшерүү учурунда унаадан 25 желим капка салынган карниз үчүн пластик шакекчелер, 5 капка салынган карниз үчүн кармагычтар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 522,2 кг түзгөн. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.


Аталган иш боюнча материалдар Баткен райондук сотуна жөнөтүлүп, соттун 2023-жылдын 1-мартындагы чечими менен унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн