Теке 01, 2025
Убакыт: 14:17
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Атайын кызматтын көрүнбөгөн баатыры 100 жашта

01.07.2025 10:25
21
Атайын кызматтын көрүнбөгөн баатыры 100 жашта


Айрым адамдардын өмүр жолу бүтүндөй бир доордун тарыхын чагылдырат. Алардын кадамы – тарых, сөзү – салмак, жашоосу – үлгү. Дал ошондой инсандардын бири, кыргыз журтунун ардактуу уулу Доскеев Аманбек Доскеевичтин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө. 


Ал 1925-жылдын июнь айында Талас облусунун Аксай айылында жарык дүйнөгө келген. Балалык чагы элеттин таза абасында, эне сүтү менен сиңген элине болгон сүйүү, жерине болгон урматында калыптанган. Убакыттын агымы заматта согуш отун тутанткан кандуу жылдарга жетелеп, жаш Аманбектин турмуш жолун түп-тамырынан өзгөрттү.


1943-жылы 18 жаштагы жигит мекенди коргоо үчүн согуш майданына аттанды. Ал алды менен фашисттик Германияга каршы салгылашып, андан соң алыскы Чыгышта, Квантун армиясына каршы жүргөн уруштарга катышты. Бир эмес, эки фронттун азабын көрүп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда таймашкан күндөр анын мүнөзүн темирдей чыңдап, эркин, туруктуулугун сынады. 1948-жылы аман-эсен мекенге кайтып, демобилизацияланган соң дагы тынчтык шартында мамлекетке кызмат кылууну тандады.


Ошентип, ошол эле жылы СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетине – КГБга кызматка кирип, жашыруун, бирок өтө жоопкерчиликтүү жол башталган. Бул тармакта ал 35 жылга жакын өмүрүн арнап, талыкпастан иштеп, 1982-жылы полковник наамы менен Талас облустук КГБсынын төрага орун басары кызматынан ардактуу эс алууга чыккан эле. Анын бул кызматтан кетиши КГБнын ошол кездеги төрагасы, кийин СССРди башкарган Юрий Владимирович Андроповдун жеке буйругу менен бекитилген.


Бирок Аманбек ага эс алуу дегенди билген жок. 1982-1990-жылдары Талас облустук ДОСААФ уюмун жетектеп, жаш муундарды мекенчилдикке, аскердик тартипке тарбиялоого бүт күчүн жумшады.


Анын коопсуздук органдарындагы кызматынын эң жоопкерчиликтүү жана эң жашыруун бөлүгү – чалгындоо ишмердүүлүгү болгон. Өзгөчө 1969-1978-жылдары Кытай менен чектешкен Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорундагы опурталдуу саясый кырдаал учурунда Аманбек Доскеевич мамлекеттин түштүк дарбазасын тынбай көзөмөлдөп, өз өмүрүн тобокелге салып кызмат өтөгөнү маалым. Дал ушул учурда СССР менен Кытайдын ортосунда Даманск чатагынан улам чыр күчөп, чыныгы согуш коркунучу илгерилей баштаган эле. Ушундай катаал мезгилде анын акылмандыгы, тайманбас мүнөзү жана туруктуулугу мамлекеттин коопсуздугун камсыздоодо чечүүчү ролду ойногон.


Эмгеги жана эрдиги текке кетпеди. Аманбек Доскеевич СССРдин жана Кыргыз ССРинин бир катар медалдары, “Кызыл Жылдыз” жана “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган. Анын баалуулугун Монголия жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары да тастыктап турат. Ал ошондой эле СССР жана Кыргыз ССР Жогорку советтеринин Ардак грамоталарына татыган.


2000-жылы Москва шаарында, Кызыл аянтта өткөн Улуу Жеңиштин 55 жылдыгына арналган аскердик парадга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жеке чакыруусу менен катышканы – бул анын өмүр жолуна болгон жогорку мамлекеттик баа эмеспи.


Аманбек ага уул-кыз, небере-чөбөрө тарбиясында да үлгү болгон инсан. Алты баланы татыктуу тарбиялап, он тогуз небереге, жыйырма беш чөбөрөгө ата, чоң ата болуу бактысына жетти. Анын урпактары бүгүн анын мурасын улап, эл үчүн эмгек өтөп келишет.


Мекен үчүн өмүрүн арнаган, сырдын түбүндө жүрүп элдин бейпилдигин камсыздаган мындай улуу инсандар тууралуу эскерүү – бул тарыхка болгон сый-урмат. Доскеев Аманбек Доскеевичтин өмүр жолу – бул кызмат, кайрат, талыкпаган эмгек жана түбөлүккө сакталган намыс. Анын өмүр баяны мекенге берилгендиктин жаркын үлгүсү бойдон калат.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн