Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Атамбаев соттук териштирүүлөр аяктагыча отурумга катышпайт

01.06.2020 12:28
1207
Атамбаев соттук териштирүүлөр аяктагыча отурумга катышпайт


Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотундагы 1-июндагы отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залынан четтетилди. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жарыялады.

 

Анын айтымында, жактоочулар Алмазбек Атамбаевди темир тосмонун ичине отургузууга негиз жок экенин айтышып, ага каршы болушкан. Ал эми судья Марат Сыдыков Атамбаевди сот отурумунан четтетүү чечимин кабыл алганын, муну менен ал Атамбаевди сотто өзүн коргоо укугунан ажыратканын айтат.


Жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаев бүгүнкү каралып жаткан иш боюнча камакка алынбаганын, мындан улам аны темир тосмонун ичине отургузууга зарылчылык жок экенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн