Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ат-Башыда унаа оодарылып кетип, айдоочу жабыркады

29.09.2020 10:40
1069
Ат-Башыда унаа оодарылып кетип, айдоочу жабыркады

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жол кырсык катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 28-сентябрда саат 15:33тө Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда «БМВ-525» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн