Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Америка, Дубайда иштеген ага-инилер Ысык-Көлдөгү кичи мекенине жардам беришти

23.07.2020 14:15
1282
Америка, Дубайда иштеген ага-инилер Ысык-Көлдөгү кичи мекенине жардам беришти


Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кичи-Өрүктү айылына жана Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылына чет өлкөлөрдө жашап иштеген кыргызстандык ага-инилер жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. 


Маалыматка караганда, алар эки айылга экиден кычкылтек концентраторун жана медициналык каражаттарды, медиктер үчүн атайын коргоочу кийимдерди, пульсоксиметр жана керектүү дары-дармектерди берип жиберишкен. Медициналык жабдыктар айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда жергиликтүү ФАПтарга өткөрүлүп берилди. 


Кичи мекенине жардам көрсөткөн ага-инилер — Алайбек жана Каныбек Ибраевдер 10 жылдан бери Американын Чикаго шаарында жашашса, Элмир Ибраев Бириккен Араб Эмираттарында эмгектенет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн