Алтындын баасы 3500 доллардан ашты. Бул тууралуу Сomexlive.org сайтындагы маалыматта белгиленди.
Алтындын биржадагы баасы унциясына тарыхта биринчи жолу 3500 АКШ долларынан ашты. Алтындын баасы доллардын алсыздангандыгына байланыштуу рекорддук деңгээлге жетти.
Быйыл баалуу металлдардын баасы рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө. Bloomberg журналы белгилегендей, биржалык фонддордо алтын менен камсыздалган активдер акыркы 12 жумада жогорулаган. Бүгүнкү күндө ири банктар корлорун алтын менен толуктоодо.
Үстүбүздөгү жылы алтындын баасы 30%дай өсүп, кирешелүү товарга айланды. Эксперттер буга чейин алтындын баасы 3500 долларга дейре жогорулай тургандыгын болжолдошкон болчу.
Жыл аягына чейин баалуу металлдын баасы 3700 долларга жетери айтылууда. Ал эми келерки жылдын орто ченинде алтындын баасы 4000 долларга жетиши мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн