Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Алмаз Медеров Кыргызстандын Лос-Анжелестеги Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды

31.01.2025 11:43
219
Алмаз Медеров Кыргызстандын Лос-Анжелестеги Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды


Алмаз Медеров АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, анын ыйгарым укуктарын тастыктаган күбөлүккө Президиумдун 2025-жылдын 28-январындагы токтомунун негизинде палатанын президенти Темир Сариев кол койгон.


“Алмаз Медеровдун негизги милдети Кыргызстан менен Калифорния штатынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын бул рыногунда кыргызстандык ишкерлерди колдоо болмокчу”,-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн