Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

«Актилек автожол» пунктунда алгоритмдин аткарылышы жеринен текшерилди (фото)

24.06.2020 14:38
1034
«Актилек автожол» пунктунда алгоритмдин аткарылышы жеринен текшерилди (фото)


Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин, жүк ташуучулардан вирустун бар же жогун аныктоо үчүн иштелип чыккан алгоритмдин аткарылышын жеринен текшерди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында жүк ташуучуларды медициналык жактан текшерүү шарттары талаптагыдай жүрүүдө, зарыл болгон шартка тез жардам кызматы уюштурулган.

«Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайында кооптуу инфекциянын өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө боюнча бардык тармактык мамлекеттик кызматтар белгиленген тартипте иштеп жатат. Бекет аркылуу өткөн ар бир унаа жана бардык жүк дезинфекцияланууда», - деп баса белгиледи Алмазбек Баатырбеков.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр көзөмөл-өткөрүү жайларында иштеп жаткан ар бир кызматкер коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйүп жатканыдыгына байланыштуу жүк ташуучулардан анализ алуу иши санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен кынтыксыз жүргүзүлүүгө тийиш. Көзөмөл-өткөрүү жайында иштеп жаткан тармактык органдардын кызматкерлери коопсуздук чараларын жана санитардык эрежелерди сактоо зарыл», - деди Алмазбек Баатырбеков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн